Бишкектеги Комсомол көлүнө бир адам чөгүп каза тапты. Бул боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 29-июнда Комсомол көлүнө эс алууга барган Жалал-Абад облусунун тургуну чөгүп кеткен. Белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусунун тургуну достору менен аталган көлгө эс алууга барып, көлдү сүзүп өтмөкчү болушкан. Бирок көлдүн ортосуна жеткенде аталган жаран чөгүп кеткен. Кийин сууга чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.