Жалал-Абадда 27-июнь күнү «Хизбут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка ылайык, Аксы районунун тургуну М.Жусупбековдун үйүнө тинтүү жүргүзгөн убакта 4 даана 70 барактан турган "Аль-Ваьй" китеби, 4 даана 70 барактан турган "Мухтарот" китеби, 1 даана 366 барактан турган "Саодат Асри Кисалари" китеби, 1 даана 23 барактан турган аялдар үчүн намаз китеби, 1 даана 477 барактан турган "Мусулман медицинасы" китеби, 1 даана 256 барактан турган "Танбехул Гофилийин" китеби, 1 даана 62 барактан турган өзбек тилинде жазылган китеби, 1 даана намаз китеби, 5 даана "Аль-Ваьй" жана "Хизбут-Тахрир" жазуусу бар баракчалар алынды.
Азыркы убакта алынган далил буюмдар Ош шаарындагы теологиялык экспертизага жиберилип, кармалган жарандын үстүнөн алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Айта кетсек, аталган жаран мурун сот жообуна тартылган.