Өзбекстанда инкассатор унаасы жол кырсыгына кабылып, көчөгө акчалар чачылып калган. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда чет элдик маалымат каражаттары кабарлашууда.
Маалыматтарга караганда, инкассатор унаасы Өзбекстандын борбор калаасы Ташкент шаарынын көчөлөрүнүн биринен жол кырсыгына кабылып, оодарылып кеткен. Жыйынтыгында унаадагы акчалар жолго чачылып кеткен. Күбө болгондор акчаларды чогултууга жардам беришкен. Бирок унаада канча акча болгондугу жана анын канчасы чогултулганы сыр бойдон калууда.