Электр энергиясына бааны аныктоочу агенттик түзүү демилгесин көпчүлүк депутаттар колдошууда

Электр энергиясына бааны аныктай турган жөнгө салуучу агенттик түзүү боюнча мыйзам долбоору бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында 2-3-окууда каралды.

Долбоорду жактаган депутат Кожобек Рыспаев тарифтерди жөнгө салуучу көз карандысыз орган болмоюнча бул чөйрөгө инвесторлор тартылбай турганын айтты. 

Мыйзам долбоордун максаттарынын бири көз карандысыз эсеп борборун түзүү үчүн ченемдик-укуктук базаны түзүү жана энергетика секторун натыйжалуу башкарууну уюштуруу боюнча мамлекеттик саясатка ылайык электр энергиясына тарифти белгилөөнү саясаттан алыстатуу экени айтылууда. “Энергетика жөнүндө” мыйзамдын сунуш кылынып жаткан редакциясына ылайык, өкмөт, эгерде өзгөртүүлөр күчүнө кирсе, Жогорку Кеңеш менен тарифтерди макулдашпайт. Ошентип, тарифтерди Энергетика министрлигине баш ийбеген жаңы түзүлө турган Жөнгө салуучу агенттик аныктамакчы.

Талкууда айрым депутаттар өкмөттүн тарифтерди Жогорку Кеңеш менен макулдашпастыгына каршы чыгышты. Соңунда сунушталган мыйзам долбоору 3 окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан