"Соттун Наиль Надировго чыгарган чечими мени таң калтырды. Мисалы, менин кызымдын ички органдары табылбай калды. Ал фактылар каралган жок",- дейт денеси бөлүктөргө бөлүнүп өлтүрүлгөн
Карина Кыштобаеванын апасы
Адель Кыштобаева.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү эртең менен Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды таштоочу челектен башы жана ички органдары жок, денеси бөлүктөргө бөлүнгөн жаш аялдын өлүгү табылган. Дене 20дан ашык бөлүккө бөлүнгөн. Аны жуурканга ороп, таштандыга таштап кетишкен.
Бул факты боюнча шектелип 1987-жылы туулган
Наиль Надиров кармалган.