Психиатриялык ооруканаларды кайтаруу күчөтүлөт

Бүгүн, 30-июнда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин жетекчилиги астында психиатриялык ооруканаларда күчтөп дарылоо, соттук-психиатриялык экспертизадан өтүп жаткандарды кайтаруу маселеси боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маматалиевдин айтымында, маанилүү режимдик объектилерди кайтарууну камсыздоо боюнча өкмөттүн тийиштүү токтомуна саламаттыкты сактоо тармагындагы психиатриялык уюмдар киргизилген эмес. “Нормативдик-укуктук актыдагы аталган боштукту толтуруу зарыл. Бул биздин жарандардын коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Анткени психиатриялык ооруканаларда дарыланып жаткан оорулуулар кайтаруунун жоктугунан өз орундарын таштап кетип, башка адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурган кылмыштарды жасоодо”,- дейт Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан