Чоң-Алай районунун 3 миңдей жашоочусу Алманбет Анапияевди колдоп митингге чыгышты

Бүгүн, 17-январда Ош облусунун Чоң-Алай районунун 3 миңдей жашоочусу Алманбет Анапияевди колдоп райондук администрациянын алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Байзак Жунусов билдирди. Митингге райондогу 17 айылдын жашоочулары келишкен, алар "Бийлик Ош шаарындагы милиция кызматкеринин өлүмү боюнча Алманбет Анапияевди күнөөлөгөнүн токтотсун" деген талаптарды айтышты. Митингчилерге райондун акими чыгып жолугуп, алардын талабын жогору жакка жеткире турганын айтты. "Кары, жашы дебей эл көп болду. Ошондой эле 17 адамдан турган Алманбет Анапияевди коргоо комитети түзүлдү",- деп билдирди Жунусов. Айта кетсек, кримавторитет Алманбет Анапияевдин кичи мекени - Чоң-Алай району, учурда ага издөө жарыяланып, чет өлкөдө күн кечирүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан