Ысык-Көл. Облуста 2012-жылы кылмыштын бетин ачуу 2,8 пайызга жогорулаган

Ысык-Көл облусунда 2012-жылда кылмыштардын бетин ачуу боюнча көрсөткүч 2,8%га өскөн. Кылмыш иликтөө боюнча алсак, кылмыш бетин ачуу 2 пайызга өсүү байкалган. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук ИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, оор жана өтө оор кылмыштардын, көз боёмочулуктун, уурулук сыяктуу кылмыштардын бетин ачуу фактылары жогорулады. "ИИБ башчысы Мырзабек Исмаилов 2013-жылы кылмыштуулуктун алдын алуу, кылмыш иштерин иликтөө, жол кыймылын көзөмөлдөө жана каттоого алуу жана кызматтык тартипти бекемдөө боюнча иш-чараларды күчөтүүнү ИИБ кызматкерлерин милдеттендирди",- дейт Усубакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан