Аба ырайы, 1-июль: Талас, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Өлкө боюнча 1-июлда Талас, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +38°C, түнкүсүн +20°C

Талас облусу. Күндүз +35°C, түнкүсүн +17°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +38°C, түнкүсүн +20°C

Баткен облусу. Күндүз +37°C, түнкүсүн +16°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +30°C, түнкүсүн +11°C

Нарын облусу. Күндүз +30°C, түнкүсүн +10°C

Бишкек шаары. Күндүз +38°C, түнкүсүн +22°C

Эскертүү! 

2014-жылдын 2-июлунан 6-июлуна чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Desmond
2014-06-30 21:00:24
1-июль: Талас, Чүй, Жалал-Абад
облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп,
күн күркүрөоп жамгыр токтy,
ошол кундор кайда кеттииии?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан