Жаза аткаруу кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, А.Э. жана И.Ф. аттуу Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери Э.Е. аттуу жарандын соттолгондугун жокко чыгаруу үчүн 300 АКШ долларын сурашкан. Кийин аталган жарандан И.Ф. аттуу Жаза аткаруу кызматынын кызматкери 8 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.