Бүгүн, 30-июнда өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, Урмат Саралаев Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди.
Айта кетсек, ушул жылдын 6-июнунда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Мирослав Ниязовду Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кылып дайындоого макулдук берген.