* Мындан 75 жыл мурун, 1939-жылы айтылуу композиторлор
В.Фере менен
П.Шубин жетектеген Кыргыз филармониясынын Крым жана Кавказ курортторуна жасаган концерттик кыдыруусу соңуна чыккан. Кыргызстандык искусство чеберлери курорттук мекемелерден тышкары эмгекчилер жамаатына да концерт беришип, мындагы адамдарды кыргыз аспаптык үндөрүнүн жетишкендиктери менен тааныштырышкан.
* Мындан 70 жыл мурун, 1944-жылы "Кыргыз алтын" трестине караштуу "Кум-Бел" жана "Мелик суу" кендери стратегиялык баалуу кендин өндүрүшүн белгиленген нормадан жогору аткарган. Айрыкча пландан ашыкча өндүрүлгөн 7 тонна вольфрам Кызыл Армиянын Башкы командачылыгынын фондуна берилип, ал Улуу Жеңишке кошулган олуттуу салым катары бааланган.
* Мындан 74 жыл мурун, 1940-жылы Японияда шекер менен ширеңкени сатууга чектөөлөр киргизилген.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы "Апрель баатырлары" уюму Бишкекти Манас деп өзгөртүү сунушун айтып чыккан.