Дастан Бекешев: "Көпчүлүк аткаминерлер унааларына жасалма номер тагып жүрүшөт"

17-январдагы Парламенттин кезектеги жыйынында “Ар Намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешев көпчүлүк аткаминерлер жалган номерлүү унаалар менен жүрө тургандыгын билдирди. Депутаттын айтымында, авто-унааладын катталгандыгы боюнча маалыматтар купуя сырлардын катарында. "Аны ачыктоо керек. Бул биринчи кезекте ИИМ үчүн керек. Анткени жол коопсуздук кызматкерлери ыкчам маалымат алып турушат. Себеби, бизде көпчүлүгү жасалма номурларды тагып алышат экен. Депутаттар деле кызматтык унаасына жеке номурларын тагып алышат. Буга жол берилген эмес", – деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан