КРнын Премьер-министри
Жоомарт Оторбаев облустардагы өкмөт өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин милдеттенмелерин жана ишмердүүлүгүнүн планын бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 30-июнда маалымдады.
Жоомарт Оторбаев баш болгон өкмөттүн биринчи отурумунда премьер-министр ар бир мекеменин жетекчисине 2014-жылдын аягына чейин аткара турган иштери боюнча план түзүү тапшырмасын берген. Ага ылайык, облустардагы өкүлчүлүктөр жана шаар мэрлери коомчулук менен макулдашып, өзүнчө келишим түзүшү керек эле. Өкмөт башчы мамлекеттик мекеме жетекчилери тарабынан калктын жашоосун жакшыртууга жана реформа жүргүзүү үчүн сунушталган планды бекитти.