Баткенде белине маңзатты скотч менен таңып чек арадан өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда белине маңзатты скотч менен таңып чек арадан өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу 30-июнда ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Белгилүү болгондой, аталган райондогу Кулунду айылында жергиликтүү ички иштер органдары тарабынан издөө иш-чарасы жүргүзүлгөн. Натыйжада түнкү убакта кыргыз-тажик чек арасынан өтүп жаткан жерде текшерүүгө алынган жарандан ири өлчөмдөгү маңзат табылган. Ал денесине баңгизатты скотч менен таңып, медициналык курду кийип алганы белгилүү болгон. Кармалган жаран буга чейин 30 килограмм маңзат менен кармалган Лейлек районунун тургуну экени аныкталган. Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран баш коргоо чарасы менен камакка алынды. Иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан