Бүгүн Таш-Көмүр шаарында сууга чөгүп кеткен 12 жаштагы баланы издөө иштери улантылат

Бүгүн, 1-июлда Таш-Көмүр шаарында сууга чөгүп кеткен 12 жаштагы баланы издөө иштери улантылат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 30-июнь күнү саат 13:00 чамасында катталган. Анда 2002-жылы туулган шаар тургуну Назар Бекназов Бишкек-Ош унаа жолунун 455-чакырымында Нарын дарыясындагы көпүрөнүн жанында сууга түшүп жатып чөгүп кеткен. 
КРнын ӨКМнын 2-издөө-куткаруу отрядынан 6 куткаруучу жана туугандарынан 15 адам издөө иштерин жүргүзүштү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
beka88
2014-07-01 09:04:09
табылып калсын эми
0
aida2013
2014-07-01 12:25:23
ата энесине жаман болду табылып калсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан