Бүгүн, 1-июлда Кыргыз Республикасынын М
амлекеттик салык кызматынын күнүнө карата мыкты салык төлөөчүлөр аныкталат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Салык салуучулар күнүн белгилөөгө багытталган иш-чарага КРнын Президентинин аппаратынын жана өкмөттүн өкүлдөрү, министрлер жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, эл аралык уюмдар жана мыкты салык төлөөчүлөр да катышат.
КРнын Салык кызматы өкмөттүн токтому менен 1990-жылы өз алдынча мекеме катары түзүлгөн. 1994-жылы Каржы министрлигинин карамагына өткөн. Ал эми 2002-жылы Каржы министрлигинин алдында Кирешелер боюнча комитет түзулүп, ага Салык кызматы да кирген.
2005-жылы өкмөттүн түз башкармалыгына өтүп, 2007-жылы КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Салык чогултуу боюнча мамлекеттик комитет деп аталып, 2009-жылы Мамлекеттик салык кызматы деп өзгөртүлгөн.