Бүгүн, 17-январда Ысык-Көл ОИИБинин кызматкерлери 11-январда Ош шаарында каза тапкан милиция кызматкери Толкунбек Шоноевди эскеришти. Аталган органдын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун берген маалыматына таянсак, эскерүү мүнөтү өтүп, маркумга арналып куран окутулду. Эскерүү митингине Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы жана ардагерлери катышып, Толкунбек Шоноевдин жакындарына аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдиришти.