Кыргызстанда 2011-2014-жылдар аралыгында чиновниктердин 282 жардамчысы мамлекеттик кызматтарга сынаксыз дайындалышкан. Бул маалымат жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында белгилүү болгон. Мамлекеттик кадр кызматынын билдиришинче, мындай кадамга мыйзам жол берип келген жана мыйзамдын бул нормасынын көп колдонулушу коомчулукта нааразычылыктарды жаратты. Ошондуктан буга тыюу салуу демилгеси келип чыгыптыр. Бул аралыкта Мамлекеттик салык кызматына чиновниктердин 79 жардамчысы ишке орношкону айтылды.
Эске салсак, депутаттардын, министрлердин жардамчыларын сынаксыз мамлекеттик кызматтарга ишке алууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору парламентте жакында 2-окууда колдоо тапты.