Түштүк Америкадагы суу каптоонун кесепетинен 360 миңдей жашоочу эвакуацияланды

Түштүк Америкадагы ири суу каптоонун кесепетинен 360 миңдей жашоочу эвакуацияланды. Маалыматка ылайык, Парагвайда 300 миңдей, Бразилияда 50 миңге чукул жана Аргентинада 12,5 миңге жакын адам жашаган жеринен көчүрүлгөн. Бул тууралуу 1-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аргентинадагы жаратылыш кырсыгынан 2 адам набыт болду. Кечээ, 30-июнда Парагвайдын бийлиги өлкө борбору Асунсьон шаарында кырдаал курч экенин билдирген. Борбор калаадан 76 миңдей жашоочу коопсуз жерге көчүрүлдү. 

Метеорологдор дарыялардагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшү боюнча эскертишип, жыл аягына чейин кооптуу болорун, мындан сырткары ири суу ташкындоолор болорун айтышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira1989
2014-07-01 16:48:14
Суу каптоолор жылда кайталанып, коп боло баштады.Аллах Таалам озу сактасын.Кандай гана алааматтар болуп жатат ааламда?..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан