Туулган жылы – 1961-жыл, 15-январь.
Туулган жери – Ош облусу, Ноокат району, Эски-Ноокат айылы.
Билими – жогорку, 1983-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун, 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.
Үй-бүлөсү – 2 уул, 1 кыздын атасы.
Хоббиси – футбол, жеңил атлетика.
Эмгек жолу:
1983-жылы Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун ветеринардык врачы;
1985-1987-жылдары – Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун башкы ветеринардык врачы;
1987-1990-жылдары – Комсомолдун Ноокат райондук комитетинин II катчысы;
1990-1991-жылдары – Компартиянын Ноокат райондук комитетинин уюштуруучусу;
1991-1995-жылдары – Ноокат райондук ветсанотрядынын жетекчиси;
1995-1996-жылдары – Ноокат районундагы Чечме-Сай айылдык комитетинин төрагасы;
1996-2000-жылдары – Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы;
2000-2002-жылдары – "Темир" мамлекеттик ишканасынын аткаруучу директору;
2000-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Жогорку Кеӊештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекет түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.