“Мен айта алам, өлкөдө туруктуу келечек болот. Анткени саясатчылар тосмодон ашып өтүү туура эмес экенин түшүнүштү. Учурда көптөр 2015-жылы өтүүчү парламенттик шайлоого даярданып жатышат. Ал эми 3 жылдан кийин жаңы президент шайланат. Өнүгүү жаатында бурулуш жасоо мезгили келди”. Муну бүгүн, 1-июлда президент Алмазбек Атамбаев Москва районунун Садовое айылында жаңы курулган 18 батирлүү 3 кабаттуу үйдү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун аскерлерине салтанаттуу тапшыруу иш-чарасында айтты.
Андан тышкары мамлекет башчы жаңы батирлүү болгон үй-бүлөлөргө бакыт каалап, ынтымак, аманчылык, ырыскы болсун деген тилегин айтты.