Аламүдүн районунун тургуну 2013-жылдын октябрь айынан бери 15 жолу уурулук жасаганын мойнуна алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, уурулукка шектелип милиция кызматкерлери тарабынан 39 жаштагы Аламүдүн районунун тургуну кармалган. Иликтөөдө кармалган жаран 2013-жылдын октябрь айынан бери 15 жолу ар кандай уурулукка барганын мойнуна алган.
Кылмышка шектүү бир канча ирет автоунаалардын айнегин сындырып, үйлөргө байкатпай кирүү менен уурулукка баргандыгы жана бир ирет уй уурдагандыгы ачыкталган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери уланууда.