Чаткал районунда 9 жашар кызды карышкыр тиштеп, ооруканага түштү

Чаткал районунда 9 жаштагы кыздын бетин карышкыр тиштеп алып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Асылбек Шабданов бүгүн, 1-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Чаткал районунун Кара-Суу айылынын 9 жаштагы тургунуна 27-июнда үйүнүн жанынан карышкыр кол салып, бетин тиштеп алган. Бул учурда кыздын атасы келип калып кызын куткарып, карышкырды кийин атып алган.

Жараат алган кыз Ала-Бука райондук ооруканасына 28-июнда жеткирилген. “Кыздын бетинде карышкыр тиштегенден калган көлөмдүү жараат бар экен. Биз учурунда чара көрдүк, кыздын абалы азыр канааттандырарлык. Азырынча биздин көзөмөлүбүздө болуп жатат”,- деди Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Асылбек Шабданов.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
jypara1415
2014-07-01 11:54:01
Тообо , уйунун жанынан тиштесе карышкыр айылга кенири келип калган болобу , же уйу тоого жакын ээн жерде жайгашканбы ?
0
men_aman
2014-07-01 11:55:35
jypara1415, чаткалда болуп атпайбы
0
WINNER
2014-07-01 12:21:01
Чаткалда тоо коппу?
0
cubich
2014-07-01 14:38:45
WINNER, Чаткал Ташкенттин бери жагы болуп жатпайбы, каяктагы тоо Чаткалда. Чаткал тегиздикте опеееей. Кыргызстанда жашайбыз го.
0
beka88
2014-07-01 12:35:58
жаман болгон экенго
0
Altyn198
2014-07-01 13:26:04
дагы жакшы сурабапсыңар Чаткал Кыргызстандабы деп? ХХХ ХХХ
+2
admin_portal
2014-07-01 13:54:49
Altyn198 - 3 күнгө БАН!
Кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Hanuman
2014-07-01 13:29:03
ХХХ ХХХ ХХХ chatkal tooluu rayon dep koyush ХХХ ХХХ ХХХ...
Chatkal toolu rayon, Aksydan kiyin Alabuka taraptaa. pachata, wakaftar degen jerlerin bilem ХХХ ХХХ ХХХ...
0
nazira1989
2014-07-01 14:00:17
Кандай себеп болду экен а карышкырдын уйлорго жакын келишине???...Уйурдон куулган карышкыр го менин оюмча...
0
admin_portal
2014-07-01 14:03:08
Altyn198, NSS88, Hanuman, aida2013 - азырынча оозеки эскертүү!
Талкуудан алыс комментарийлер түзөтүлдү, кээ бири өчүрүлдү. Жеке айтышууларга жол берилбейт. Дагы кайталанса эреже бузган колдонуучулар сайттан убактылуу четтетилет.
0
aku
2014-07-01 14:10:30
Жайлоодо болушу мумкун,бирок айылга тушуп келип калышы мумкун эмес.а так чаткал чон эле район.
0
Inwallah88
2014-07-01 19:11:24
Ач карышкыр айылга келет эмеспи байкуш кыз жакшы болуп кетсин
0
zhanarbek80
2014-07-01 20:08:13
ач карышкыр емес тируулой кармап уйундо байлап койгонго сатууга даярдап. ишенуу кыйын ошончо мал жан туруп уйго келип еч качан кол салбайт карышкыр. кыш мезгили болсо ишенууго болот. баарыбир жаш кызга жаман болуптур тезиреек айыгып кетсин
-2
sumaia.kg.kg
2014-07-02 02:09:02
иии жаман болгон тура ошончо келип калгычакты эч ким корбогону тан калтырат.Кыз тезирээк айыгып кетсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан