Дүйнөдөгү эң провокациялуу модель Мелани Гайдос келбетине карата жагымсыз сөздөрдү укса да, ишмердүүлүгүн улантып келет

Дүйнөдөгү эң провокациялуу модель Мелани Гайдос келбетине карата жагымсыз сөздөрдү укса да, ишмердүүлүгүн улантып келет. 25 жаштагы Мелани Гайдос журнал беттерине чыгып келген моделдерден кескин айырмаланат. Көпчүлүк адамдар аны көргөндө эмоциясын жашырышпайт. Бирок ал кыз менен сүйлөшүп көргөндөр анын укмуштуу энергетикасына, харизмасына жана ички дүйнөсүнүн сулуулугуна баа беришет.

Чет элдик маалыматтарга таянсак, Мелани Гайдос АКШда жашайт жана иштейт. Ал көптөгөн фотосессияларга активдүү катышып келет. Белгиленген сулуулук стандартты четке каккан Мелани белгилүү жана бай болууга жетишип, бир кадам менен өзүнө жана “сулуулук” деген талаштуу түшүнүккө элдин мамилесин өзгөрткөн.

Мелани Гайдос эктодермологиялык дисплазия (гендин бузулушу) менен жабыр тартат. Бул дарт теринин, чачтын, тырмактын, кээде сөөктүн калыптануусуна залалын тийгизет. Эктодермологиялык дисплазия ар кимге ар түрдүү таасир этет. Анын оор түрүнө чалдыккан Гайдоско элдер жагымсыз сөздөрдү айтышып, корккондор да бар.

Кебетесине карабай Мелани учурда нормалдуу жашоо кечирип, досторду тапкан. Алардын арасында белгилүү фотографтар, режиссёрлор, музыканттар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aisanat
2014-07-01 17:01:53
Бир ужас кино коргом ошондогу ункурдо жашаган адамдардай екен. Акча таап атса суротко тушо берсин анфн емнеси.
0
Erkekterdin-erkegi
2014-07-02 08:47:43
Капатасин коруп чай отпой калдыго
+1
upol92
2014-07-02 09:43:45
Ужас
0
nora00
2014-07-02 09:51:35
аппаааа
+1
arzigul89
2014-07-02 10:58:00
Бардыгыбызды Алла жараткан,кандай жаралсакда ыраазы болушубуз,керек бул дуйно убактылуу сыноого келгенбиз
0
g.jumabekova
2014-07-02 14:34:23
Меланинин эркине тан бердим. Ушундай келбет менен бай анан атактуу болуу 1000 адамдын бироосунун эле колунан келет. Башкаларга улгу болчу адам экен. Ийгиликке жетуудо келбет жана оору тоскоол эмес экенин далилдей алыптыр.
+4
sawa9090
2014-07-05 07:47:42
сулуу болбосо да мамилеси сонун экен да
+2
abaychik
2014-07-08 18:47:11
Мени сулуу кылып жаратып койгон Аллага бейэсеп шугур.
+1
taoni
2014-10-01 12:45:50
maqa jaktı, orinal'no
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан