Роберт Блейк: "Ооганстандан АКШнын аскердик техникаларын алып чыгуу иштери азырынча карала элек"

АКШнын Ооганстандагы аскердик техникалык каражаттарын Борбордук Азия аркылуу алып чыгуу маселеси азырынча карала элек. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Бишкекке иш сапары менен келген АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк билдирди. Анын айтымында, жакында АКШ менен Ооганстандын президенттери жолугушуп, сүйлөшүүлөр болду, бирок аталган өлкөдө АКШнын канча аскери калып, канчасы чыгары белгисиз. Эки тарап тиешелүү бир документке кол койгондон кийин гана аскердик техникалык каражаттарды алып кетүү каралат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан