Бүгүн, 1-июлда КРнын Президенти
Алмазбек Атамбаев Сокулук районуна караштуу Киров айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар өлкө башчыга аймактагы көйгөйлөр тууралуу айтышты. Аталган айылды таза суу менен камсыз кылуу максатында суу түтүгүн орнотууга мамлекет башчы өздүк эсебинен 1 миллион сом берерин билдирди.
"Мүрөк суусу" ассоциациясынын жетекчиси Жыпара Садыкованын айтымында, суу түтүктөрүн орнотууга 10 миллион сом керек жана бул боюнча долбоор даяр болгон. Аталган айылда 5000ге жакын калк жашайт.