Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында салафизм идеясын колдогон 18 адам каттоодо турат. Муну бүгүн, 1-июлда мэриядан билдиришти. РИИБде "Хизбут-Тахрир" уюмунун 1 мүчөсү каттоодо экени айтылды. "Бул жарандарга түшүндүрүү жана салафизм идеясын жайылтууну токтотууну эскертүү иретинде сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары диний уюмдар боюнча маалымат базасы түзүлдү" деп айтылат билдирүүдө.
Райондун аймагында диний, улуттар аралык абал туруктуу экени кабарланды.