Кара-Суу райондук прокуратурасынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 1-июлда билдирди.
Маалыматтарга ылайык, Ош облусунун Кара-Суу райондук прокуратурасынын Ж.У. жана Т.К. аттуу кызматкерлери, Т.А. аттуу жаранга карата Кара-Суу райондук соту чыгарган кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушу тууралуу чечимине макул эместиктерин билдирип Ош облустук сотуна кайрадан апелляциялык арыз жазуу менен опузалап, аталган жарандан 20 миң сом талап кылышкан.
Кийин прокуратуранын аталган эки кызматкери Т.А. аттуу жарандан 5 миң сом алып жаткан жеринен кармалышкан.
Учурда аларга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынышканы белгилүү болду.