Ош. "Мамлекетке 750 миң сомго жакын зыян келтирген" деп шектелген жетекчилерге кылмыш иши козголду

Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан Өзгөн шаардык билим берүү жана каржы бөлүмдөрүндөгү мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 1-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү органдардын текшерүүсүнөн кийин аталган шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы 2011-жылдын 26-майында укугу жок туруп штаттык бирдик түзүү жана усулдар бөлмөсүн ачууга буйрук чыгарган. Шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы шаардык кеңештин талкуусуна коюлбай кабыл алынган чечимдин негизинде 3 жылдык бюджеттин планына киргизген. 
Ошондой эле республикалык бюджеттен 599 800 сом, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин бюджетинен 144 000 сом өлчөмүндө каражат бөлгөн. Натыйжада мамлекетке 743 800 сом зыян келтирилген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан