Ош облусунда 76 килограммдан ашык апийим табылды

Ош облусунда 76 килограммдан ашык апийим табылды. Бул тууралуу Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтан бүгүн, 1-июлда кабарлашты.

30-июнда келип түшкөн маалыматтын негизинде Сары-Таш - Бор-Дөбө унаа жолунун 14-чакырымындагы талаа атайын үйрөтүлгөн иттердин жардамы менен тинтүүгө алынып, жыйынтыгында 76 килограмм 545 грамм апийим катылган жашыруун жай табылды. Издөө иштери Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан жургүзүлгөн. 

Учурда аталган факт боюнча иликтөө иштери башталды.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aseiin
2014-07-01 14:59:53
Доля чыгарбай койгон окшойт, или конкуренти саткан!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан