Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов 30-июнда Орто-Алыш суу топтоочу жайында болуп, абалды көрдү. Шаар башчысы бул долбоорду ишке ашыруу бишкектиктерди ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн маанилүү экенин белгилеп, "Албетте, бул шаарды өнүктүрүү жана жарандардын ден соолугу үчүн маанилүү. Ичүүчү суу - жашоо. А ичүүчү таза суу - бакубат жашоо" деп билдирди.
Суу топтоочу жайга Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти Фил Беннет да барганын мэриядан кабарлашты.