“Нарын абагында эки адам 17 күндөн бери ачкачылык акциясын улантып жатышат, алардын азыркы абалы концлагердеги адамдардыкындай болуп калды”,- дейт ачкачылык жарыялап жаткан Эсенгул Карагуловдун жубайы Дамира Садырбаева. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына билдирди. “Менин жолдошум Эсенгул Карагулов жана Эраж Кумарбеков 17 күндөн бери өздөрүнүн күнөөсү жоктугун айтып ачкачылык жарыялап келишет. Алар аябай арыктап, концлагердеги адамдардай эле болуп калышты. Бирок алардын үнүн эч ким укпай жатат”,- деди Дамира Садырбаева.
Бул боюнча Нарындагы КРнын Акыйкатчысынын өкүлү Нурлан Данияровго кайрылганыбызда ал: “Ачкачылык жарыялап жаткандар ден соолуктарына байланыштуу Нарын облустук ооруканасына алынып келинди. Абалдары канааттандырарлык. Бирок алар ачкачылык акциясын токтотуша элек. Талаптары аткарылмайынча акцияны токтотпой турушканын билдиришти. Биз алардын укуктарынын бузулбашына көз салып турабыз”,- деп жооп берди.
Белгилүү болгондой, ачкачылык акциясы 15-июнь күнү башталган. Учурда айыпталуучулар Эсенгул Карагулов, Эраж Кумарбеков ачкачылык акциясын улантышууда. Алар “Жумгалдагы элдик сот боюнча күнөөбүз жок” дешүүдө.
Эске сала кетсек, 2013-жылдын 1-декабрында Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиев каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп 3 милиция кызматкери камакка алынган болчу. 2014-жылдын 20-февралында алардын ишин Жумгал райондук соту караган. Бирок сот аягына чыкпай, маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары айыпталып жаткан милиция кызматкерлерине бензин чачышып, өрттөөгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында айыпталуучулардын экөө катуу сабалып, биринин жансыз денеси 3 айдан кийин табылган эле.
Бул боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, Нарын шаардык соту 13 адамды камакка алган.