Бүгүн, 1-июлда президент Алмазбек Атамбаев Сокулук районундагы 2 мектептин абалы менен таанышып чыкты. Алгач өлкө башчы Беловодск айылындагы Биринчи Май мектебине барды. Президент менен кошо жүргөн каржы министри Ольга Лаврова мектеп авариялык абалда экенин белгиледи. “2013-жылы мектептин жетекчилиги капиталдык оңдоо боюнча кайрылышкан. Бирок ага каражат бөлүү каралбай калган. Президент 2015-жылга чейин мектепти оңдоого акча каражат бөлүүнү буйруду. Айта кетсем, мектеп 750 окуучуга ылайыкталган”,- деди министр айым.
Андан соң Алмазбек Атамбаев аталган райондун Киров айылындагы Бейшеналы атындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышып чыгып, аны өз көзөмөлүнө аларын айтты.
Айта кетсек, Бейшеналы атындагы мектеп 2008-жылы курула баштаган. Республикалык бюджеттен ага 46 миллион 189 миң сом каралып, курулуштун башталышы менен 12,5 миллион сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күнү мектептин 3 корпусу тургузулуп, жакында чатыры жабылмакчы.
Мындан тышкары өлкө башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аймактагы суу маселесин чечүүгө жардамдашарын билдирди.