Эртең, 2-июлда саат 10:00дө Бишкек шаарында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын алдында активисттер көчмө маалымат жыйынын өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн иш-чаранын катышуучуларынын бири, активист Мавлян Аскарбеков интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жарыялады.
Маалым болгондой, жыйындын аталышы: “Баткенден президентке кат (Шералы хандын чокою)”. Иш-чарада президентке Баткен облусундагы кырдаал боюнча кайрылуу окулмакчы. Мындан тышкары электр энергиясынын жана ысык суунун кымбатташы талкууланат.
Эскерте кетсек, быйыл 9-июнда бир катар жаш активисттер “Тезекпром” деген акция уюштурушкан. Бирок аларды милиция кармап кетип, айып пул төлөп чыгышкан.