Быйыл 4-12-сентябрь күндөрү эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндары өтөт

Бүгүн, 1-июлда вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын жетекчилиги менен 14-эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарын уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Оюндар "Азия - кызматташтык жана тынчтыктын аймагы" деген ураандын астында өтмөкчү. 
"Спорттук оюндардын максаты - ден соолукту чыңдоочу массалык иштерди өнүктүрүү жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун ортосунда болгон достукту колдоо. 2001-жылдан бери өтүп жаткан бул оюндар эл аралык статуска ээ жана эл аралык байланышты бекемдөөгө багытталган",- дейт Сариева. 
Жыйындын аягында уюштуруу комитетине бир катар тапшырмалар берилди. Оюндар быйыл 4-сентябрдан 12-сентябрга чейин өтө турганын өкмөттөн билдиришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан