Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков эртең, 2-июлда журналисттерге маалымат берет. Муну 1-июлда парламенттин маалымат кызматы билдирди. Спикер 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, суроолорго жооп бермекчи.