Нигерия аскеринин генералы Крис Олуколаде "276 кызды уурдоону уюштурду" деп айтылып жаткан «Боко Харам» экстремисттик уюмунун өкүлү колго түшүрүлгөнүн маалымдады. Бул тууралуу 1-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кармалган Бабуджи Яари жаш активисттер менен мамиледе болуп, аскерлердин кадамдары тууралуу маалыматы болуп тургандыгы белгилүү болгон. Ал маалыматтарды "Боко Харам" уюмуна жеткирип турганы аныкталган. Ошондой эле 2011-жылдан тартып Нигериянын түндүк-чыгышындагы бир катар теракттарды уюштурганы маалым болгон.
Белгилей кетсек, апрель айында “Боко Харам” радикал-экстремисттери тарабынан 270тен ашуун окуучу уурдалганы айтылган эле. Учурда алардын колунда 219 окуучу калды.