Чүйлүк дыйкандарга сугат суусу тартыш болууда

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 1-июлда Чүй аймагына сугат суусунун жетишсиздиги боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы суу маселесин токтоосуз чечүү керектигин баса айтты. "Бүгүнкү күндө айыл чарба өндүрүшчүлөрү суу тартыштыгына кабылышууда. Суунун качан берилиши боюнча дыйкандарга так маалымат беришибиз керек. Бул маселенин чечилишинен көп нерсе көз каранды",- деди премьер. 

Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев кургакчылык боюнча кооптуу кырдаалдын алдын алуу үчүн 12-майда атайын штаб түзүлгөнүн билдирди. Сууну үнөмдүү колдонуу боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилгени да айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан