* 2-Июль - Спорт журналисттеринин күнү. Бул майрам Спорт прессасынын эл аралык ассоциациясынын демилгеси менен 1955-жылдан бери белгиленип келет. Аталган датанын кабыл алынышы Париж шаарында Спорт прессасынын эл аралык ассоциациясынын 1924-жылы негизделишине байланыштуу.
* Мындан 13 жыл мурун, 2001-жылы АКШда бейтапка алгачкы жолу жасалма жүрөк (AbioCor) салынган. Бул аппарат ички аккумулятордун жардамы менен иштеп, тери аркылуу тыштан заряд ала алган. * Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы Конгонун Түштүк Киву провинциясында бензин ташып бараткан автоунаа жарылып кеткен. 220 киши өлүп, жүздөгөн адамдар жаракат алышкан.