"Кыргызгаздын" кызматкерин сабаган Бишкектин жарандарына эч кандай чара көрүлбөй жатканы айтылууда

"Кыргызгаз" ААКсынын басма сөз кызматы 1-июлда маалымат таратып, анда "Кыргызгазпром" ЖЧКсынын кызматкери Бишкек шаарынын тургундары тарабынан сабалганы айтылган. 

Белгилүү болгондой, окуя 25-июнь күнү Түлөбердиев көчөсүндө орун алган. "Колдонулган газдын көрсөткүчүн эсептегичтен алганы барган "Кыргызгазпромдун" алдындагы "Бишкекгаздын" кызматкери Кумарбек Мусакеев жарандар тарабынан сабалган. Аны ошол аймактагы үйдүн жашоочулары Жоомарт Уланбеков менен Айнура Сатарова сабап салышкан. Ж.Уланбеков алгач колу менен уруп, кийинчерээк балка менен сабаганга аракет кылган. Ал эми А.Сатарова Хонда унаасы менен сүзүүгө аракет кылган" деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жаракат алган кызматкер милицияга арыз жазып, №4-шаардык ооруканага жардам сурап кайрылганы маалымдалат. Мындан сырткары факты боюнча материалдар Биринчи Май РИИБине өткөрүлүп берилгени, бирок эч кандай чара көрүлбөй, кылмыш иши козголбогону баса белгиленет.

Маалыматта Бишкек шаарынын Түлөбердиев көчөсүндөгү 146-үйдө жашагандардын 2013-жылдын август айынан бери төлөй элек карызы бар экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан