18-январда Чүй облусунун айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт

“Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, 18-январда саат 9:00дөн 17:00 гө чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Атай кетсек, бул күнү Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" айланасында, Заводской посёлогунда, Чүй облусунун Романовка, Шалта, Сокулук айылдарында, Шопоков шаарчасында, Манас, Комсомольское жана Раздольное айылдарында электр жарыгы берилбейт. Бул өчүрүүлөр “Ботбаев” жана “Западная” көмөк чордондорунун аба чубалгыларын оңдоо ишине байланыштуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан