Айыл чарба жана
мелиорация министри
Таалайбек Айдаралиев Чүй
облусунун Райондук агрардык өнүгүү
башкармалыгынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
Ошондой эле жыйынга Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору
Көкүмбек
Таштаналиев жана орун басарлары катышышты.
Чогулуштун максаттарынын бири учурдагы
эң
орчундуу сугат суусунун тартыштыгы болду. Министр Таалайбек Айдаралиев Райондук
агрардык өнүгүү
башкармалыгынын башчыларына эл менен тыгыз иштеп, мындан кийин кезекчилик
уюштурула турганын айтып өттү. Бул тууралуу 1-июлда
Айыл чарба жана мелиорация
министрлигинин басма сөз
кызматы маалымдады.