Бишкекте 12-кичи райондогу чиркөөнүн жанында иштетилбеген күркөлөр күйүп кетти. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, 12-микрорайондо “Тазалык” муниципалдык ишканасына таандык аймакта өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 19 иштетилбеген күркө жана 200 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Отко этиятсыз мамиле кылуу кырсыкка себеп болгондугу айтылууда. Кырсыктан адамдар жабыркаган жок.