Борбор калаада эки кабаттуу имаратта чыккан өрттү өчүрүүдө газ баллону жарылып, өрт өчүрүүчү жабыркады

Кечээ Бишкектин Муромск көчөсүндө эки кабаттуу имаратта чыккан өрт менен күрөшүүдө газ баллону жарылып, өрт өчүрүүчү жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, кечээ Муромск көчөсүндөгү эки кабаттуу имаратта өрт чыгып, аталган жайдын 280 чарчы метри күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр жалынды өчүрүп жаткан мезгилде имараттагы газ баллону жарылып кетип өрт өчүрүүчү Белек Кенжеев далысынан, бетинен, колдорунан күйүк алып ооруканага жеткирилген. Бирок аталган өрт өчүрүүчү абалы жакшы экендигин айтып, ооруканага жатуудан баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан