Заманбап техникалар 3D принтери менен укмуштуу буюмдарды жасап чыгарууда. Алсак, Америкада “Кант лабораториясы” кофе жана чай сүйүүчүлөрүн таң эрте кооз таттуулар менен маанайын көтөрүү максатында ChefJet Pro принтерин жасашып, кумшекерден таң калтырган, көп түрдүү структурадагы жана оор архитектуралык формадагы кондитерлерди чыгара башташты. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.