Борбор калаада “Санитардык полигон” ишканасын түзүү сунушталды.
Бишкек шаардык кеңешинин 30-июндагы сессиясында шаарда “Санитардык полигон” муниципалдык ишканасын түзүү сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, ишкана түзүү үчүн эч кандай чыгашалар талап кылынбайт.
Ал эми анын курамына “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бөлүнөрү айтылды.