Асылбек Жээнбеков парламенттин ишин калыс чагылдырган ММКларга ыраазычылык айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков парламенттин бир жылдык иши боюнча маалымат берүүдө. Спикер парламенттик системди өнүктүрүүдө массалык маалымат булактарынын ролу зор экенин белгиледи. “Биз, депутаттар, аппарат кызматкерлери менен кандай иштешсек, журналисттер менен да тыгыз байланышта болдук. Жогорку Кеңештин иши ачык болду, “Кумтөр”, “Кыргызгаз” жана Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши коомчулукка ачык жетип турду. Мамлекеттин тышкы саясатына таасир эте турган айрым гана маселелер жабык эшик артында каралды. Парламенттин ишин ачык, объективдүү чагылдырган маалымат булактарына ыраазычылык билдирем”,- деди төрага. 

Спикер ММК тарабынан айтылган сындарга туура пикирде экенин кошумчалады. “Конструктивдүү сын парламенттин ишин алдыга жылдырат. Андай сындарды окуйбуз, туура кабыл алып, аларды кайталабоого аракет кылабыз”,- деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан