Бүгүн, 2-июлда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргызстан менен "Евразия" өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Евразия" экономикалык жамааттык кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.
Ага ылайык, өлкөнүн Каржы министрлигине "Евразия" өнүктүрүү банкына Кыргызстан тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.