Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков “электр энергиясынын баасын аныктоону өкмөткө берип парламент туура иш кылды” деп билдирди бүгүн, 2-июлда журналисттерге. Айтымында, Конституция боюнча бул маселени өкмөттүн чечиши туура. “Биз мурунку парламент эмеспиз, азыркы Конституцияга ылайык, кырдаал башка. Тарифти өкмөт аныкташы керек, бирок өкмөттүн тагдыры парламенттин колунда. Дайыма көзөмөлдө болот, парламенттин өкмөттү таратып жиберүүгө толук укугу бар. Бул иште парламенттин жоопкерчилиги бар, тактап айтканда, көпчүлүк коалициянын жоопкерчилиги. Эгер коомчулукта нааразычылык көп болсо, анда бул маселе кайра каралышы мүмкүн”,- деди спикер.